“Бишкек Аренанын” ачылышы: билетти “Түндүк” аркылуу онлайн кайтарууга болот
5-октябрда өтүүчү “Бишкек Арена” стадионунун ачылышына алынган билетти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кайтарса болот. Бул тууралуу “Түндүк” ААКсынан билдиришти.
“Бул кызмат иш-чара башталганга чейин жигердүү (активдүү) билеттер үчүн жеткиликтүү”, — деп айтылат маалыматта.