Шакиранын Бишкектеги концерти: 22 өлкөнүн жарандары билет сатып алды
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын Бишкектеги концертине билеттер сатууга чыккандан кийинки биринчи күндө 13 миңден ашуун билет сатылды.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, билетти дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн жарандар сатып алышууда.
“Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында Казакстан, Россия жана Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылууда”, – деп айтылат маалыматта.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев эл аралык иш-чаралар туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, чет өлкөлүк конокторду тартарын жана жергиликтүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Шакира 2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” концерт берет. Эксклюзивдүү келишимге ылайык, ырчынын Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө концерти өткөрүлбөйт.