Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда
![Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/img-20220917-wa0039.730x0.jpg)
Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 18-сентябрдан 29-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.