Кыргыз-беларусь парламенттер аралык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко менен жолукту.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.
“Президенттердин эрки менен мамлекеттер аралык байланыш жаңы деңгээлге чыкты. Эми жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүшүбүз керек”, – деди Марлен Маматалиев.
Мындан тышкары, ал 2023-жылдагы макулдашууну негиз тутуп, тармактык комитеттер менен достук топторунун ишин жандандырууну сунуштады. Ошондой эле мыйзам чыгарууда тажрыйба алмашуу жана КМШ ПАА, ЖККУ ПА алкагында тыгыз кызматташууга чакырды.
Андан тышкары, экономикалык жаатта да алгылыктуу иштер жасалып, товар жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 154,4 пайызга өскөнүн белгилеген Маматалиев бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, соода байланышын дагы чыңдоо зарыл экенине токтолду.
Ошону менен катар саламаттыкты сактоо тармагында да биргелешип иш алып баруу учур талабы экенин айткан төрага Беларусь мамлекети КМШ өлкөлөрүнүн ичинен медициналык кызматтарды көрсөтүүдө, айрыкча онкологиялык ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо багытында алдыңкы орунда турарын жүйө келтирди.
“Кыргызстандагы онкология жана трансплантация боюнча көйгөйлөрдү эске алуу менен, оор абалдагы жарандарды акысыз дарылоо үчүн квоталарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм”, – деди төрага.
Өз кезегинде Игорь Сергеенко Беларусь мамлекети да Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө басым жасарын жана эки тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү менен биргелешкен өндүрүштүк жайларды ачуу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Ошондой эле эки өлкө ортосунда визалык талаптарды жеңилдетүүгө жана миграциялык шарттарды жакшыртууга багытталган келишимдер Беларусь парламенти тарабынан жакында эле ратификацияланганын эске салган Игорь Сергеенко да кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу чоң экенине токтолду.
Баарлашууда тараптар туризм жаатында тыгыз иш алып барып, жарандар ортосундагы каттамды кеңейтүү демилгелерин көтөрүштү.
Эске салсак, ЖККУ ПАнын жыйындарынын алкагында депутат Улукбек Узакбаев Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Алишер Козуев социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.