Россияда 11 альпинист кар көчкүнүн астында калып каза болду
Россиянын Кабардино-Балкария Республикасындагы Безенги капчыгайында кар көчкү жүрүп, 11 адам каза болду. Дагы алты альпинист дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Кар көчкү 6-сентябрда Безенги капчыгайындагы Мижирги тоосунун боорунан түшкөн.
Россиянын Кабардино-Балкария Республикасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, топто жалпы 33 адам болгон. Алардын 10у өз алдынча коопсуз жерге түшүп кете алган. Дагы алты жабыркаган адам медициналык мекемелерге жеткирилген.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага 56 куткаруучу тартылган. Дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө үчүн Ми-8 тик учагы жана коммерциялык тик учак да колдонулууда.
Издөө иштери тоолуу аймактын татаал рельефинен, катуу шамалдан жана кар массаларынын кайрадан көчүп кетүү коркунучунан улам татаалдашууда.
Окуя боюнча тергөө органдары текшерүү жүргүзүп, адамдардын каза болушунун жагдайларын аныктап жатышат.
Буга чейин Кытайда сел жүргөндөн кийин 43 адам каза болуп, дагы 519 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган.