Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти менен жолугушту

 Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту.

Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин башчысы Акихико Танака Кыргызстандын делегация мүчөлөрүн Японияда тосуп алгандыгына кубанычта экендигин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын делегациясы эртең өтүүчү Борбор Азия инвестициялык форумуна катыша тургандыгы маалым. Бул форум сиздер үчүн жемиштүү болуп, өлкөнүн экономикасына кошумча инвестициялардын келишине салым кошот деп ишенем. Биздин агенттик көп жылдардан бери Кыргыз Республикасына кичи жана орто бизнести колдоо, транспорт жана жол инфраструктурасын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келет. Ошондой эле «Бир айыл – бир продукт» долбоору мыкты жыйынтыктарды көрсөткөндүгү бизди кубандырат», – деди ал.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Кыргызстан Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин биздин өлкөдөгү ишине жогору баа берерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасында JICA өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет. Конкреттүү түрдө ийгиликтүү мисал катары транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун белгилеп кетким келет. Мындан 11 жыл мурда башталган «Бир айыл – бир продукт» долбооруна тийиштүү билдирсек, келечекте аймактарды өнүктүрүү максатында аны улуттук деңгээлге чыгаруу менен өлкөнүн бардык аймагында ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Биздин региондор үчүн бул маанилүү жана зарыл өнүгүү куралы. Мындай жагдайларды эске алуу менен, биз аны мындан ары илгерилетүүдө япон тараптын жардамына үмүттөнөбүз», – деди ал.

Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Акихико Танака белгилегендей, JICA адистери мындан ары карай да «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүсүн улантат.

«Аталган долбоордун алкагында өндүрүлгөн продукциялар Японияда гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ийгиликтүү сатылат деп ишенем. Биз буга чын жүрөктөн үмүт артабыз», – деди Акихико Танака.

Министрлер Кабинетинин башчысы япон тараптын колдоосу астында «Бир айыл – бир продукт» долбоору келечекте олуттуу ийгиликтерге жана натыйжаларга жетишет деген ишенимин билдирди.

«Учурда Япониянын шаарларында кыргыз тоо балы ийгиликтүү сатылып жатат. Биз Японияга жеткирилүүчү экологиялык жактан таза тамак-аш азыктарынын ассортиментин кеңейтүүгө даярбыз. Айтылган максаттарга жетүү үчүн кыргыз тарап Японияда Кыргызстандын Соода үйүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт. Мен дагы сиздерди өлкөбүзгө келип, мындан аркы кызматташуу үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигине күбө болуп кетүүгө чакырам», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир алышууда жолугушуунун катышуучулары өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар жол инфраструктурасын реабилитациялоо, медициналык мекемелерди модернизациялоого көмөктөшүү, Адамды өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунун ишмердүүлүгүнүн жана JDS программасынын (кадрларды даярдоо боюнча стипендиялык программа) алкагында адамдык потенциалды өнүктүрүү жаатында кызматташуу сыяктуу багыттарга токтолушту.

Маалымат үчүн: Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көз карандысыз жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.

Связанный пост