“Курманжан-Датка” муниципалдык аймак башкармалыгына караштуу 224 кварталда таза суу маселеси чечилди

“Курманжан-Датка” муниципалдык аймак башкармалыгына караштуу, шаардан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан 224 кварталда таза суу маселеси чечилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бул жерде таза суу жок болгонуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп, жалпы 3 чакырымдан ашуун суу түтүгү тартылды.
Андан сырткары, сыйымдуулугу 50 кубту түзгөн суу алуучу жайга мунара курулуп, тереңдиги 185 метрге жеткен суу кампасы казылып, суу чыгарылды.
Азыркы учурда жеринде сыноо иштери жүрүүдө.
Жумуштар бүткөрүлгөн соң, пайдаланууга берилет.

Связанный пост