Акылбек Жапаров: Биздин кызматташтыгыбыздын жана технологиялык көз карандысыздыкка жетишүүнүн айкын мисалы боло турган бат ишке ашуучу долбоорлор керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында “Келечектин Евразиясы: чакырыктардан чечимдерге” III Евразия конгрессинин пленардык жыйынына катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы “үчүнчү Евразия конгресс пикир алмашуунун, актуалдуу маселелерди талкуулоонун жана евразиялык мейкиндиктин потенциалын толук пайдалануу үчүн практикалык чечимдерди издөөнүн салттуу аянтчасы болуп калды” деп белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында өткөн Экинчи Евразиялык экономикалык форумдун жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө аймак үчүн кызматташуунун бир катар маанилүү багыттары козголгонун, олуттуу практикалык кадамдар жасалганын жана аларды ишке ашыруу боюнча белгиленгенин билдирди.

Мындан тышкары, МинКаб Башчысы “Экономикалык өсүштүн маанилүү милдеттеринин бири өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу болуп саналат” деп көрсөттү.

“Биздин кызматташтыгыбыздын жана технологиялык көз карандысыздыкка жетишүүбүздүн айкын мисалы боло турган бат ишке ашуучу долбоорлор керек”, – деди Министрлер Кабинетинин Башчысы.

Ал ошондой эле долбоорлорду каржылоо үчүн каражаттарды кеңейтүүнүн, өнөр жай, энергетика, жашыл экономика жана айыл чарба тармагында өздөрүнүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий платформаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, 2022-жылы дүйнөлүк энергетикалык өткөөлгө инвестициялар 1 трлн доллардан ашты жана биринчи жолу казылып алынган кендерди өндүрүүгө кеткен чыгымга барабар болду. Инвестициялардын көлөмү боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары жана электр транспорту эң чоң сектор болуп калды.

Ал ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу маселелерине токтолду.

“Азыркы шарттарда тамак-аш планетабыздагы жашоонун улануусу үчүн эң баалуу ресурс болуп саналат. Заманбап реалдуулук азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал курчуп баратканын көрсөтүүдө”, – деди МинКаб Төрагасы.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Евразия экономикалык биримдикте интеграциялык кызматташтыктын узак мөөнөттүү келечектүү багыттарын иштеп чыгуу башталганын белгиледи.

“Аймактагы өнөктөш өлкөлөрдүн евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүүгө катышуусу масштабдуу жана активдүү болушу керек. Евразиялык шериктештиктин прогрессивдүү өнүгүүсүн каалайт элем”, – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Связанный пост