КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту

5-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч өлчөмүндө: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар кызматташтыктын жетишилген деңгээлин канааттануу менен белгилешти. Ж.Кулубаев ЕККУга демократиялык процесстерге, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана акыйкат башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү, экология жана климат сыяктуу өлкө үчүн приоритеттүү багыттар боюнча ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

ЕККУнун Башкы катчысы ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин кубаттап, бул багыттар боюнча мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирди.

Аймактык күн тартибиндеги маселелер, тактап айтканда, Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, ошондой эле бүгүнкү күндө региондогу мамлекеттердин алдында турган коопсуздук чакырыктары менен коркунучтары жана аларды чечүү үчүн ЕККУнун колдо болгон инструменттерин жана механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Связанный пост