КР ТИМ башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

 КР ТИМ башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

2023-жылдын 1-ноябрында Ашхабад шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» 16-Форумга катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост