”КР акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 3-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык мыйзамдын максаты КР Конституциясында каралган Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109 жана 110-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирүү болуп саналат.
Конституциялык мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын (омбудсменинин) (мындан ары – акыйкатчы) ишинин укуктук негизи;
– Акыйкатчынын парламенттик контроль жүргүзүүсүнүн максаты;
– конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү;
– Акыйкатчынын укуктук статусу;
– Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби;
– Акыйкатчынын ыйгарым укуктары;
– Акыйкатчынын эл аралык уюмдар менен жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү;
– Акыйкатчынын чара көрүү актылары жөнүндө ченемдер;
– арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү;
– Акыйкатчынын ар жылдык жана атайын баяндамалары жөнүндө жоболор;
– Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана аппаратынын ишинин кепилдиктери жөнүндө ченемдер;
– Акыйкатчынын ишин уюштуруу жөнүндө жоболор.