Кореяда иштеген 126 кыргызстандык бир жолку пенсиялык төлөм алды
Түштүк Кореяда расмий иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган жарандар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алууда.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомдор боюнча төлөм алуу үчүн 149 жаран кайрылган. Алардын ичинен 126 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен берилген, ал эми 23 жарандын арызы каралууда.
Маалыматка караганда, бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3789 долларды түздү. Төлөмдөр Кореяда расмий иштеген жана тиешелүү пенсиялык төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга берилүүдө.