«Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу болуп өттү

2023-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында өтүп жаткан «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Машыгуунун активдүү фазасында республиканын аймагына кирип келеген мыйзамсыз куралдуу түзүлүмдөргө бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операциясын жүргүзүү, регионго аскердик абал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча маселелери иштелип чыгып, резервдик роталар менен күжүрмөн ок атуу жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, машыгуунун сценарийи боюнча эпидемияга каршы иш-чаралар өткөрүлүп, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлду. Объектилерге кол салуунун мизин кайтаруу, химиялык залалдануу зонасын аныктоо жана чектөө, табигый кыйроолордун кесепеттерин жоюу боюнча маселелер аткарылды.

Машыгуу жыйынтык чыгаруу менен аяктап, эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдарынын жана аскерлери (күчтөрү), башка аскердик түзүлүштөрдүн, министрликтер жана ведомстволордун, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын катышуусу менен өттү.

Связанный пост