Акылбек Жапаров менен Сардор Умурзаков сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтүн белгилешти

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле буга чейинки сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун мөөнөтүн белгилешти.

Президенттик аппараттын жетекчилери алдыда өтө турган II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун бай программасын жана мазмунун канааттануу менен белгилешти.

Министрлер Кабинетинин башчысы Өзбекстандын эбегейсиз инвестициялык потенциалын эл аралык бизнес коомчулугуна көрсөткөн эффективдүү аянтчаны түзгөн бул масштабдуу форумга даярдыктын жогорку уюштуруу деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  жогорку деңгээлде болуп өткөн сапарлардын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын  кызматташтыгын динамикалуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө олуттуу түрткү бергенин белгиледи.

“Менин бир агам бар экенин кесиптештериме айтып келем – ал улуу агам Акылбек-ака. Бул жолку сапарыңыз менен Сиз эки тараптуу мамилелердин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин жана сапатын дагы бир жолу ырастадыңыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Сардор Умурзаков.

Связанный пост