Кочкор-Атада К-5 жана К-6 үлгүсүндөгү бензин менен дизель өндүрүлө баштайт
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Борбор Азия энергетикасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен жолугуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусунда бензин жана дизелге байланышкан инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Белгилей кетсек, отурумда негизинен жакында эле кол коюлган министрлер кабинети менен “Борбор Азия энергетикасы” ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун долбоорун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды. Макулдашууга ылайык, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында К-5 жана К-6 экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизель, битум, мотор майын өндүрүүчү жана колдонулган майды кайра иштетүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылат.
Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын чыгарууну түзөт жана 300гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Заводду куруу жана ишке киргизүү иштеринин биринчи этабын үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата аяктоо пландалууда.
Жыйында завод үчүн өлкөгө импорттоло турган технологиялык жабдууларды алып келүү, бензин жана дизель отуну үчүн улуттук экологиялык стандартты иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы курулуштун сапаты менен мөөнөтү сыяктуу маселелер талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Анда Эрлист Акунбеков, министрлер кабинети мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташууга дайым даяр экенин айтып, ошол эле учурда бардык өндүрүш процесстери Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүсүн, эл аралык стандарттарды сактоонун жогорку деңгээлин камсыз кылууну белгиледи.