КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү

5-август күнү Минск шаарында (Беларусь) КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Азем “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өттү.

Алгач салтанаттуу ачылыш аземде 23 мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Азербайджан, Түркменстан, Монголия, Армения, Пакистан, Ливан, Венесуэла, Малазия, Йемен, Бахрейн, Куба, Оман, Египет, Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Россия, Иран) желеги көтөрүлүп, парад болуп өттү. Кыргызстандын желегин кичи футбол боюнча курама команданын мүчөсү Уланбек Чоробек уулу көтөрүп чыкты.

Аземдин жүрүшүндө Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко сөз сүйлөп келген спортчуларга ийгилик каалап, төмөнкүлөргө токтолду: “КМШ оюндарын өткөрүү Беларусь Республикасы үчүн чоң сыймык жана спорттогу жетишкендикке кошкон зор салым болот деп ишенем. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу өз максатында жетти деп ойлойбуз” – деди Лукашенко.

Мындан тышкары, коцерттик программа менен коштолду. Кыргызстандын атынан 17 спорттун түрүнөн 200 дөн ашык спортчу катышып жатат.

Связанный пост