Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль жеңди

 Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 6 мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти.

Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды.

Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) өз салмагында коло медалдын ээси болушту.

Эскерте кетсек, Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеш 5 август күнү жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышкан.

Связанный пост