«Кесиптик бирликтер жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия Ысык-Көл районунда болду
Алгач депутаттык комиссиянын мүчөлөрү «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин мүлкүн талап-тоноо фактысы боюнча маалымат алышты. Жергиликтүүлөр белгилегендей, мекеменин жерлери четинен сатылып, болжол менен 37 млн сом зыян келтирилген.
«Улан» эс алуу жайы майып балдарды эс алдыруу, ден соолугун калыбына келтирүүгө ылайыкташкан. Бирок, анын азыркы шарты өтө эле начар абалга келген. Эл өкүлү Нилуфар Алимжанова борбордо түзүлгөн шарттар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талабына жооп бербей турганын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаттары барган «Телтору» пансионаты да кесиптик бирликтерге таандык. 1992-жылы курулган бул имарат толук кароосуз калган. Айтылгандарга караганда мурдагы директор 2,5 гектар жерди атасынын наамына чыгарып алган.
Андан соң депутаттык комиссиянын мүчөлөрү КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү баштаган жергиликтүү жетекчилер менен бирге жыйын өткөрдү. «Кесиптик бирликтер боюнча» мыйзамда менчиктештиргенге болбойт деп так жазылганына карабай, кандайдыр жолдорун таап, четинен кертип сатып, зыянга учураткан көптөгөн фактылар айтылды.
Муну менен катар депутат Максатбек Сарбагышев кесиптик бирликтердин карамагындагы лагерлер азайгандан азайып бара жатканын жүйө келтирип: «Мурда 20 лагерь болгон болсо азыр болгону жетөө калган. Алардын абалы да купулга толорлук эмес», – деди.
Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев тиешеси бар кызмат адамдарын мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарылчылыгын сунуштады.
Андан тышкары, депутаттар «Ала-Тоо», «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Чолпон-Ата” эс алуу борборлорунун ишмердүүлүгү менен да таанышты.
Жыйынтыгында депутаттык комиссия аталган маселени толук иликтеп бүткөндөн кийин «Кесиптик бирликтер жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы тууралуу корутунду Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин маалымдашты.
Эскерте кетсек, депутаттык комиссиянын бул жолку сапарында депутаттар Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Максатбек Сарбагышев, Аида Исатбек кызы, Нилуфар Алимжанова, Алишер Эрбаев, Чыңгыз Ажибаев болушту.