Тоо театрларынын II республикалык фестивалы өтүп жатат

22-25-май күндөрү Талас шаарында Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдыгынын урматына арналат.
Анын алкагында Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында республиканын аймагындагы театрлар: Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры, К. Акыев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры жана А. Токпанов атындагы Жамбыл облустук Казак драма театры Талас облусунун тургундарына спектакль тартуулашат.
22-Майда Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык театры Мар Байжиевдин “Он экинчи түн” аталышындагы спектаклин тартуулашты.
Театр чеберлери облус жашоочуларын театр ишмерлеринин өнөрүнө күбө болуп, руханий азык алып кетүүгө чакырат.

Связанный пост