Кемин районунун кире беришине стела курулууда

 Кемин районунун кире беришине стела курулууда

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Кемин районундагы жаңы стеланын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, стелла Бишкек – Чолпон-Ата трассасында орнотулат жана Кемин району менен Тоң районунун ортосундагы чек аранын символу болуп саналат.

“Стелла алгач совет доорунда курулган, бирок убакыттын өтүшү менен айлана-чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн бузуп, бузула баштаган. Ошондуктан, эски конструкцияны демонтаждоо жана жаңы стелланы куруу чечими кабыл алынып, стелланы жаңылоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Президенттин өкүлү курулуштун жүрүшүн, колдонулган материалдардын сапатын текшерип, ишти мүмкүн болушунча тезирээк бүткөрүүгө тапшырма берди.

Связанный пост