Караколдо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн 100 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн Каракол шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Асыл мурас” балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бала бакчанын курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнунда башталып, жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

Белгиленгендей, ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин облустагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, келечектин тиреги болгон жаш муунга мамлекет камкордук көрсөтүү менен, тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экендигин белгиледи. Андыктан өлкө аймактарындагы бала бакча көйгөйүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулуп жаткандыгын кошумчалады.

“Мындай аракеттер кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кам көрүү менен, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болоору белгиленди”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост