Караколдо ипотекалык үйлөрдү суу каптады. МИК себебин айтты
Каракол шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Хан-Теңири” турак жай комплексинин төрт блогун суу каптаган. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыкка суу аккан түтүктөрдүн таштандыга толуп калышы себеп болгон. Системаны тазалоо учурунда суунун агымына бөгөт койгон ар кандай таштандылар табылган.
“Катуу жаан учурунда суу ички система аркылуу өз убагында сыртка агып чыга албай, имараттын чатырына топтолгон. Пайда болгон басымдан улам суу артка тээп, чатырга толгон, андан соң айрым батирлердин ичине чейин кирип кеткен. Ошондой эле суунун бир бөлүгү имараттын жер төлөсүнө да аккан”, – деп айтылат маалыматта.
МИКтен белгилешкендей, нөшөрлүү жамгырдын кесепети бир гана МИКтин объектилери менен чектелген эмес. Бул күнү Каракол шаары боюнча көптөгөн турак үйлөрдү, социалдык объекттерди, көчөлөрдү жана жолдорду суу каптаган.
“Учурда компаниянын кызматкерлери жеринде суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү иштерин толугу менен өз каражатынын эсебинен жүргүзөт. Бардык тургундарга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүп, оңдоп-түзөө жумуштары жасалат”, – деп билдиришти компаниядан.