Каракол шаарында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары өтөт
![Каракол шаарында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары өтөт](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/320371653_2348060438686582_7647530122560211301_n-850x560.jpg)
Каракол шаарында 26-28-декабрь күндөрү Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары өтөт.
“Мен чемпионмун” мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:
1. Лыжа спорту слалом;
2. Хоккей;
3. Лыжа жарышы;
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.
1-орун – 200 000 сом;
2-орун – 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.
Белгилей кетсек, мелдеш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.