Каракол аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө

 Каракол аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө

Каракол эл аралык аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда эл аралык аэропортто Бишкек – Каракол багыты боюнча жумасына эки, Ош – Каракол багыты менен бир жолу учуулар аткарылат.

Аэропорт жетекчиси Сабырбек Нарбаев белгилегендей, мында саатына 250 жүргүнчүнү тейлөөгө толук шарт бар. Учуп-конуу тилкесин 2 450 метрден 3 750 метрге чейин кеңейтүү жана түнкүсүн учактарды кабыл алууга жарыктарды орнотуу иштери жүрүп, эл аралык рейстерди кабыл алууга ички даярдыктар көрүлүүдө.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков Ысык-Көлдө туризм тармагын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүндө Каракол эл аралык аэропортунун жаңыланышын маанилүү кадам деп сыпаттады. Ал эми депуттар аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүнө, эл аралык рейстерди уюштуруу шарттарына көңүл бурушту.

Связанный пост