Кара-Сууда 12 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыз болду

 Кара-Сууда 12 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыз болду

Кара-Суу районундагы 12 айылдын 30 миңге жакын тургуну таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоор “Отуз-Адыр” субдолбоорунун негизинде ишке ашырылган. Анын алкагында суу менен камсыздоо объектилери жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду, 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.

“Бул калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар – экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу менен камсыздоо объектилерин натыйжалуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Связанный пост