Кара-Көлдө муктаж болгон 32 үй-бүлөгө батир берилди

Бүгүн Кара-Көл шаарында 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Турак үйдүн курулушу алгач 1985-жылы башталып, бирок каржылоо жана долбоордук иштердин үзгүлтүккө учураганынан улам, көп жылдар бою толук бүткөрүлбөй келген. 2024-жылдын август айында имаратта өрт кырсыгы катталып, 16 үй-бүлө турак жайсыз калган.

Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттен 50 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, имарат толугу менен реконструкцияланды.

Батирлер №85 үйдүн жашоочуларына, ошондой эле турак жайга муктаж жана майыптыгы бар 32 жаранга берилди.

Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев конуш ээлерин куттуктап, бул турак үйдүн бүткөрүлүшү мамлекеттин жана жергиликтүү бийликтин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдарынын бири экенин белгиледи.

Связанный пост