Кант шаары кышка даяр

 Кант шаары кышка даяр
Кант жылуулук берүү ишканасы шаар тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоого толугу менен даяр.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана “Кант жылуулук берүү ишканасынын” башчысы Нурдин Тагаев менен биргеликте Кант шаарын жылуулук менен тейлөөчү от казандарынын кышка даярдыгы менен таанышып чыкты.
Кант шаарын жалпысынан 10 от казаны тейлейт. Шаар мэриясынын бюджетинен 2 млн.300 миң сомго 2 жаңы от казаны орнотулуп, монтаждалган. Ошону менен катар эле 1 млн.700 миң сомго көмүр сактоочу кампа жаңыланды. Кант шаарынын мэриясы тарабынан 21 даана жылуулук эсептегич мамлекеттик стандарттан өткөрүлгөн.
Шаарды жылытуу үчүн көмүр, газ жана мазут колдонулат.

Связанный пост