Камчыбек Ташиевге “КРнын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

 Камчыбек Ташиевге “КРнын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Связанный пост