Камчыбек Ташиев Базар-Коргондогу ипотекалык үйлөрдүн курулушун тездетүүнү тапшырды

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмалар жана талаптар коюлду.

“Президенттин “Кыргызстанда үйү жок жарандарыбыз калбашы керек. Баары үйлүү жайлуу болушу зарыл” деген саясатын баарыбыз колдоп, тез арада ишке ашырышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сырттан карап турбастан, күнү-түнү чуркап иштешиңер керек. Үйлөрдүн сапаттуу болушу жана курулушчулардын Кыргызстандыктар болушу шарт. “Арзан иштейт экен” деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды салбагыла. Кымбатырак иштесе дагы, башкалардан бир аз жайырак иштесе дагы өзүбүздүн жарандар иштесин!..”, – деди Камчыбек Ташиев.

Андан соң Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул обьектиде да кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Мамлекеттик ипотекалык үйлөр Кочкор-Ата шаарында да курулуп жатат. Жалпылап алганда Базар-Коргон, Ноокен жана Кочкор-Атада азыркы тапта 3000ге чукул батирлерди камтыган көп кабаттуу үйлөр курулууда. Алдыда бул долбоорлор дагы улантылат жана элге ипотекалык үйлөрдү куруу иштери активдүү жүргүзүлө берет.

Белгилей кетсек, мындагы 9 кабаттуу үйлөр Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулууда.

Связанный пост