Көлдөр менен суу сактагычтардан 101 миң метр тор алынды
2026-жылдын 8 айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматтары тарабынан өлкө боюнча суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы 101 миң 250 метр синтетикалык тор жана 1 миң 910 кг таштанды чыгарылды.
Анын ичинде:
- Ысык-Көлдөн 40 миң 200 метр тор жана 940 кг таштанды;
- Токтогул суу сактагычынан 42 миң 250 метр тор жана 670 кг таштанды алынган;
- Соң-Көлдөн 15 миң 50 метр тор;
- Киров суу сактагычынан 3 миң 550 метр тор жана 300 кг таштанды;
- Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр синтетикалык тор чыгарылды.