Садыр Жапаров Дубайдын жетекчисине көңүл айтты

 Садыр Жапаров Дубайдын жетекчисине көңүл айтты

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумга анын бир тууганы шейх Ахмед бин Рашид Аль Мактумдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, Аль Мактум үй-бүлөсүнө жана жалпы эмират элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Маркумдун жаркын элеси жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Анын элине жана мекенине кылган ак кызматы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана эли үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбайт.

Ушул оор учурда сиздерге сабырдуулук жана кайрат тилейм”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост