Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине шаар ичинен акысыз автобустар каттайт

 Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине шаар ичинен акысыз автобустар каттайт

31-августта “Бишкек Аренада” өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине шаар ичинен акысыз автобустар каттайт.

Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, көрүүчүлөр үчүн Бишкек шаарындагы атайын белгиленген 22 пункттан акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы каттам саат 15:00дө жөнөйт.

Бул убакыттан кийин “Бишкек Аренага” трансфер жүргүзүлбөйт. Андыктан, өзүңүзгө ыңгайлуу жөнөө пунктун алдын ала тандап, отуруучу жерге өз убагында келүү зарыл.

Трансфер экспресс-маршрут боюнча жүрөт, жолдо токтоочу жайлар каралган эмес.

Трансферлер жөнөөчү пункттар:

  • Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;
  • Жибек Жолу көчөсү, 605;
  • Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  • Саякбай Каралаев көчөсү, 62, 12-кичи район;
  • “Ак-Кула” автобекети;
  • Ауэзов көчөсү, 4;
  • Анкара көчөсү, 1/1;
  • Айыл көчөсү, 10А/1;
  • Жибек Жолу проспекти, 263/2;
  • Иса Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;
  • Чакыруу билети менен келген коноктор үчүн;
  • Кожобергенов көчөсү, 13;
  • Эркиндик бульвары, 1/А;
  • Жаш Гвардия бульвары, 287;
  • Токтоналиев көчөсү, 104;
  • Шабдан Баатыр көчөсү, 52;
  • Москва көчөсү, 266;
  • Васильевский тракт, 18;
  • Гагарин көчөсү, 284;
  • Ала-Тоо жаңы конушу, 117;
  • “Ак-Жол” өткөрмө пункту;
  • “Манас” аэропорту.

Белгиленген жерлер тууралуу маалыматты “Менин шаарым” тиркемесинен көрүүгө болот.

“Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшүрүлгөн пунктка кайра барышы керек. Ал жерден маршрутунун номери жана автобус баштапкы жөнөп кеткен дарек көрсөтүлгөн тактайчасы бар автобусту таап, ага отуруу зарыл. Трансфер көрүүчүлөрдү “Бишкек Аренага” алып келген пунктка кайра жеткирет”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост