Испаниялык The Guardian журналы Кыргызстанды маданий туризм боюнча мыкты деп тапты

Кыргызстан дүйнөлүк туристтик аренада өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Британдык абройлуу The Guardian басылмасы 2025-жылы Кыргызстанды этикалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын катарына киргизди.
Туризм департаментинин маалыматына ылайык, аталган макалада The Guardian аң-сезимдүү саякаттарды баалаган, маданиятты, жаратылышты жана жергиликтүү жамааттарды урматтаган туристтер үчүн Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын баса белгилеген.
Кыргызстан өзүнүн кооз жаратылышы, бай маданий мурасы жана салттуу меймандостугу менен айырмаланып, туризмди өнүктүрүү менен жаратылышты коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактап келе жатат.
Белгилей кетсек, бул эл аралык баа — Кыргыз Республикасынын туруктуу туризмди илгерилетүү багытындагы чоң потенциалынын далили болуп саналат жана 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик Туризмди өнүктүрүү программасынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап турат.
“Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти этикалык жана жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары да колдой бермекчи. Бул багыттагы иштер Кыргызстанды дүйнө жүзү боюнча саякатчылар үчүн эң жагымдуу өлкөлөрдүн бири катары сактап калууга өбөлгө болот”,-деп айтылат маалыматта.
Булак “Кабар” агенттиги