Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүү эрежелерин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.