Финансы министрлиги стартап долбоорлорго колдоо көрсөтөт

 Финансы министрлиги стартап долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жеке сектордун ишканаларынын, анын ичинде микро-, чакан жана орто ишканалардын өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасында бизнес чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыгууда.

Буга байланыштуу КР Финансы министрлигинде министр А.Бакетаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн бизнес тармагынын, КР Билим берүү министрлигинин, Интеллектуалдык чөйрө боюнча мамлекеттик агенттиктигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мүлк жана инновациялар, КР Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду, Кыргыз фондулук биржасы жана Ишкердикти өнүктүрүү фондунун катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында Финансы министри А.Бакетаев тарабынан демилгеленген “Стартаптарды каржылоонун финансылык инфраструктурасы” долбоору талкууланды.

Бул Долбоордун максаты – ишкердикти колдоонун мамлекеттик тутумун түзүү, жаңы баштаган ишкерлерди, алыскы региондордогу долбоорлорду каржылоо, калктын социалдык жактан аялуу катмарын өз алдынча ишке тартуу жана мамлекеттик колдоосуз андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.

Мындан тышкары, Долбоордун алкагында ЖОЖдордо, техникумдарда, ишке орноштуруу борборлорунда, мектептерде ишкердик боюнча билимдерди жана тажрыйбаларды окутуу жана өткөрүп берүү пландаштырылууда. Ошондой эле адистештирилген ишкердик борборлорунун, билим берүү мекемелеринин базасында финансы институттары менен бирге көндүмдөрдү өнүктүрүү жана тажрыйба топтоо каралат.

Связанный пост