Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

 Финансы министрлиги аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаевдин тапшырмасы менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери менен жеринде жолугушуулар өткөрүлдү.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырып чыкты. Ишкерлер пайызсыз насыя алуу боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып, сатып алынган жабдууларды көрсөтүп, ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Долбоордун бенефициарлары белгилегендей, мамлекет тарабынан кайтарылуучу каржылык жардам алардын бизнесин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, кирешесин натыйжалуу башкарууга жардам берди.

Долбоордун бенефициарлары менен жолугушуулардын максаты – КР Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге каржылык жардам көрсөтүүнүн натыйжаларына баа берүү, аны максаттуу пайдалануу жана пикир алуу.

Министрдин орун басары Р.Татиков чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо долбоору бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын баса белгиледи.

Сентябрь айына карата долбоордун алкагында 7599 ишкер жана ишкана 4,76 млрд сомдон ашык сумма каржыланган. Белгилей кетсек, региондор боюнча акчалай жардам алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (1465 ишкер) жана жалпы алуучулардын жарымынан көбүн ишкер аялдар жана ишканаларды башкаруучу аялдар (4670) түзөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймагында иштейт жана 2027-жылдын ортосуна чейин уланат.

Связанный пост