Алай районунда 60 орундуу балдар бакчасы ишке кирди

​Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Чий-Талаа айылындагы Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берүү аземи өткөрүлдү.
​Салтанаттуу ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Азамат Кожомамбетов, айыл аймак активи, айыл тургундары катышышты.
​Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин атынан өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев бала бакчанын ачылышы менен Чий-Талаалыктарды кызуу куттуктап, балдар бакчаларды ишке киргизүү, мектепке чейинки билим берүү тармагын ар тараптуу колдоо социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, келечек муундун татыктуу тарбия, мыкты билим алуусуна тиешелүү шарттар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан түзүлө тургандыгын, андан сырткары, жакынкы жылдары Ош облусунда балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемеси менен камсыздоонун көрсөткүчтөрүн бир топ алдыга жылдыруу иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имаратына Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237,0 мин сом, демөөрчүлөр тараптан 350,0 миң сом акча каражаты капиталдык ремонттон өткөрүү, жабдууларды сатып алууга бөлүнүп, 60 орунга ылайыкташылып, 16 жаран жумуш менен камсыз болгон.

Связанный пост