Финансы министри жаңы ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу Өкүлү Фарид Талышлы жана ЭВФтин учурдагы Туруктуу Өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту.

2020-жылы ЭВФ Кыргыз Республикасына бюджетти колдоо, ошондой эле СДРди бөлүштүрүү үчүн COVID-19 пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал учурунда финансылык жардамды тартууда тез жардам көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы мурдагы туруктуу өкүлү Тигран Погосянга ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

Связанный пост