Амангелдиев Оверчук менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия соода-экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелери каралды.
Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнү, биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууну жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин катышуусунда өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүүнү талкуулашты.
Өзгөчө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын жана өнөр жайды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн экономикалык дараметин чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Ошондой эле бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү, бажы жол-жоболорун өркүндөтүү жана өз ара сооданын мындан ары өсүшү үчүн алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду. Шайкештикти баалоо боюнча документтерди негизсиз берүү учурларын алдын алуу боюнча биргелешкен иштин маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Данияр Амангелдиев жана Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.