Фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1,2 млрд сом каралган

 Фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1,2 млрд сом каралган

Кыргызстанда фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1 млрд 232 млн сом каралып, учурда анын 700 млн сомго жакыны 193 фермерге берилди. Бул тууралуу Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 3 пайыздык насыя “А банк” жана “Элдик банк” аркылуу берилип келет. Насыя негизинен өзгөчө асыл тукум статусун алган чарбаларга, сырттан мал алып келүүгө кызыккан импорттоочуларга жана техник-уруктандыруучуларга берилүүдө.

“Жаңы кабыл алынганда министрлер кабинетинин чечими менен насыяны уй чарбасына гана берип келгенбиз. Кийин фермерлерден суроо-талаптар түшкөндүгүнө байланыштуу учурда топоз, жылкы, кой жана эчки чарбаларына да 3 пайыздык насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, жасалма уруктандыруу боюнча техник – уруктандыруучулар да керектүү шаймандарды 3 пайыздык насыя алып сатып ала алышат”, – деди Каландаров.

Каландаровдун маалыматына караганда, насыя алган фермерлер малды Кыргызстандагы асыл тукум статусуна ээ болгон 232 чарбалардан келишимдик негизде сатып алышы керек болгон.

“Насыя алган жаран мал таппай калган учурлар болду. Ушуга байланыштуу министрликтин алдындагы “Кыргыз агро холдинг” ААКсы Россиядан жана Казакстандан малды сатып алып, фермерлерге жана насыя алган жарандарга өздүк наркы боюнча берүүнү пландап жатат”, – деп билдирди ал.

Связанный пост