Энергетика министри Ош облусундагы күз-кышка карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты

 Энергетика министри Ош облусундагы күз-кышка карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде болду.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алгач министр Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

 

1965-жылы курулган РЭТтин эски имараты авариялык абалга келип, мындан ары пайдаланууга жараксыз болгондуктан, быйылкы жылы аталган РЭТтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана абоненттерди сапаттуу тейлөө үчүн, жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган. Курулуш “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.

 

Иш-чарага “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу, Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов, РЭТ жетекчилери жана кызматкерлери, Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Маматиса Көкөев, ардагер энергетиктер жана жергиликтүү тургундар катышты.

 

“КУЭТ” ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу компания элди электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыз кылуу, ошондой эле бардык жерде кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү улантып жатканы боюнча маалымат берди.

Ош ЭТИнин директору Эмилбек Ысманов ишкананын бардык 9 РЭТинде жүргүзүлүп жаткан техникалык иштер, оңдоо, реконструкциялоо, инфраструктураны модернизациялоо жана акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча айтып, бардык пландаштырылган иштер сапаттуу жана өз убагында аткарылып жатканын белгиледи.

 

Андан ары энергетика министри Өзгөн, Кара-Суу, Ош РЭТтеринде жана Мырза-Аке участкасында болуп, энергетиктер менен жолугуп, алардын ой-пикирин жана суроо-талаптарын угуп, алты айдын жыйынтыгынын негизинде, кийинки жарым жылдыкка пландар белгиленип, көтөрүлгөн маселелер боюнча чечимдер каралаарын айтты.

 

“Атайын техника менен камсыз кылуу маселесине келсек, өткөн жылдан бери энергетикалык ишканаларга керектүү бригадалык унаалар, экскаваторлор жана крандар максималдуу түрдө камсыздалып, алар күз-кыш мезгилине дайындык жана кыш мезгилинде кыйла жардамы чоң болууда”, – деп белгиледи министр.

 

Энергетика министри Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын соңунда аткарылган иштер менен таанышып, “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын ишмердүүлүгүнө оң баа берип, ийгиликтерди каалады.

Связанный пост