Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу бүгүн, 9-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Ведомстводон белгилешкендей, жолугушуунун алкагында Алымкадыр Бейшеналиев менен шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө болушту.

Министр жана шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая бөлүмдөрдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты.

Алымкадыр Бейшеналиев шейхке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин “Ас-Сафа” фондунун аркасы менен рак жана башка ооруларга чалдыккан балдар үчүн заманбап клиникалык-диагностикалык бөлүм бардык керектүү медициналык жабдуулар менен курулган.

«Саламаттык сактоо министрлиги менен «Ас-Сафа» фондунун биргелешкен аракетинин аркасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапаты бир топ жогорулап, жабдуулар менен камсыздоо жана дарыгерлердин квалификациясы жакшырды”, – деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов.

Сапардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Министр борбордун жетекчилигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырды. Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды.

Министр ошондой эле балдар онкологдору жана лаборанттар менен жолугушуу өткөрүп, анда жилик чучугун трансплантациялоо боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүлө турган 10 адамдан турган топ түзүү тапшырмасын берди.

Связанный пост