Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык болгон 23 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык болгон 23 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 23 млн 270 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Тергөөдө, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.
Тергөө учурунда, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Связанный пост