Эми кыргызстандыктар Сейшел аралдарына визасыз бара алат

 Эми кыргызстандыктар Сейшел аралдарына визасыз бара алат

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам жогоруда белгиленген макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары макулдашуунун тараптарынын аймагында 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулары каралган. Мында жарандардын 1 (бир) календардык жыл ичинде мамлекеттердин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 (токсон) күндөн ашпоого тийиш.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост