Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттердин курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Алгач Адылбек Касымалиев «Ош Сити» (IT шаарчасы) долбооруна барды. 71 гектар аянтта 17 200 батир, 3 мектеп, 2 бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулууда. Долбоордун алкагында 15 000 жумуш оруну түзүлөт.

Андан ары МинКаб Төрагасы Бекмамат Осмонов көчөсүнө барып, капиталдык оңдоо иштерин көрдү. Узундугу 5 чакырым болгон жол 6 тилкелүү болуп жасалган. Тротуарлар жана 9 автобус аялдамасы менен бирге иштер жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев таштандыны кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору менен таанышты. Наркы 95 млн долларды түзгөн завод суткасына 800-1000 тонна таштандыны иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адылбек Касымалиев Ак-Буура дарыясын таштандылардан тазалоо жана иретке келтирүү иштеринин 2-этабы менен таанышты. Дарыянын шаар аймагынан өткөн 17 чакырым аралыгы 4 тилкеге бөлүнүп тазаланып жатат. 2-этапка 24 млн сом бөлүнүп, 63 253 куб метр сел калдыктары жана кум-шагыл чыгаруу каралган.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы «Коңур-Жаз» агроөнөр жай комплексине дагы барды. Долбоор боюнча 69,76 гектар аянттагы комплекс 10 000 баш малга ылайыкталып, 910 жумуш оруну түзүлөт. Комплексти суу менен камсыз кылуу үчүн көлөмү 20 000 куб метр болгон бассейн жана 2 насостук станция курулууда, ал 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздайт.

Сапардын жыйынтыгында МинКаб Төрагасы бардык объекттер боюнча иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү, шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Связанный пост