Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймактын актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына сунушталган маалыматтарга ылайык, 2021-жылдан тартып 2026-жылдын сентябрь айына чейин райондо 41 ири ишкана, чакан жана орто бизнестин 189 субъекти ачылган. Жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйгөн.
Ири инвестициялык долбоорлордун катарында “Манас Моторс” авто-логистикалык борбору, “Айнекстан” эшик-терезе өндүрүүчү заводу, “Биовит” фармацевтикалык заводу жана “Вилби” балыкты кайра иштетүү ишканасы белгиленди.
Келечектүү долбоорлордун катарында логистикалык борборлорду, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүчү заводду куруу бар.
Энергетика тармагында 2021-2026-жылдары жалпы кубаттуулугу 21,4 МВт болгон төрт чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Ушул эле мезгилде 167 км автомобиль жолуна асфальт төшөлүп, 27 км тротуар курулду. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жана санитария тутумдарын өнүктүрүү максатында 26 айылда “Тунук Суу” долбоору ишке ашырылууда.
Мамлекеттик лизинг компаниясынын колдоосу менен муниципалдык ишканалар үчүн 31 техника, айыл чарба тармагы үчүн 116 техника сатып алынган.
Акыркы жылдары райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект, 16 медициналык имарат, 6 парк жана 3 социалдык шаарча курулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен эки мектептин жана эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, дагы үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, 300 орундуу оорукананын курулушу улантылууда.
Ошону менен бирге презентациянын жүрүшүндө кошумча каржылоону талап кылган бир катар актуалдуу маселелер белгиленди. Атап айтканда, райондо үч тазалоочу курулманы куруу маселеси айтылды. Ошондой эле автоунаа тетиктерин сатуучу муниципалдык базар куруу зарылдыгы белгиленди.
Инженердик-коммуникациялык жана социалдык инфраструктура менен камсыздоо зарыл болгон“Семетей” жаңы турак жай конушуна өзгөчө көңүл бурулду.