Эмгек министрлиги: 9 880 үй-бүлө жөлөк пул алуудан баш тартышты

 Эмгек министрлиги: 9 880 үй-бүлө жөлөк пул алуудан баш тартышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүүгө бюджеттен 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Социалдык келишим КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакырчылыктан чыгуунун активдүү чарасы катары ишке ашырылууда. Мамлекет менен социалдык келишим түзүү менен аз камсыз үй-бүлөлөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуудан баш тартып, жеке ишкер катары иштөөгө даяр экендиктерин билдиришүүдө.
Мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөр окуудан жана эки баскычтуу тандоодон өтүшөт. Мекеме жана жергиликтүү бийлик органдары каражаттардын максаттуу пайдаланылышына такай көзөмөл жүргүзүп турушат.
Өткөн жылы социалдык келишим сыяктуу жигердүү иш-чаралардын натыйжасында жумушсуздардын санын 2,5%га кыскартууга мүмкүн болду.
2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү пландоодо. Алардын ичинен 9 880 үй-бүлө өз долбоорлорун ишке ашыра баштады.

Связанный пост