Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды

 Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды
Бүгүн, 18-май күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин вице-министри Куранбек Сарсен Абайулы менен Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн алкагында 2024-жылы Казакстанда өтө турган Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизиле турган спорттун түрлөрү боюнча, иш-чаранын масштабы жана эки тараптык түзүлгөн келишим туурасында сөз болду.
Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ал эми 2014-2016-2018-жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Связанный пост