Эл аралык рынокто алтындын баасы 4036 долларды түздү
Дүйнөлүк рынокто алтыдын баасы бир аз арзандап, күмүш кымбаттады.
АЗЕРТАЖ агенттиги билдиргендей, Нью-Йорктун COMEX товардык биржасында алтындын трой унциясынын баасы 15,5 долларга төмөндөп, 4036,3 долларды түздү.
Ал эми күмүштүн баасы тескерисинче бир трой унциясы үчүн 0,11 долларга жогорулап, 57,55 долларды түздү.