Россиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде видеобайланыш режиминде Эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо боюнча кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага эки өлкөнүн негизги министрликтеринин жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз тараптын делегациясын эмгек министринин орун басары Мукаш Байгончоков, ал эми Россия тарапты ИИМдин Чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматынын башчысынын орун басары Кирилл Адзинов жетектеди.
Жыйында тараптар статистикалык маалыматтар менен алмашып, эки өлкөнүн миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү ортого салышты.
Катышуучулар негизги көңүлдү Россиянын аймагында эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына жана аларды социалдык жактан коргоодо жаралып жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүүгө бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк принциптерин сактоо менен, эмгек мигранттарынын укуктарын ишенимдүү коргоо багытындагы маселелерди биргелешип иштеп чыгууну улантууну макулдашышты.